Ишемби , 19 май , 2012
Англис тилиндеОрус тилиндеКыргыз тилинде
Тексттин көлөмү

Биздин сайтта издөө

image image image image
МАБОС 17 жашар жигиттин жүрөгүнө жасалган операцияны каржылады

Катардагы улук аскер Линзи Николс, 376-авиаэкспедициялык канаттын коомчулук менен байланыш бөлүмү

05/05/2012 – «Манастагы» Транзиттик борбор, Кыргызстан – МАБОС уюму Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаш бейтаптын жүрөгүнө жасалган операцияны төлөөгө жардам берүү үчүн садага катарында 1015 АКШ доллар топтоп беришти.

Кыргызстандык ишкерлер үчүн симпозиум

Катардагы улук аскер Линзи Николс, 376-авиаэкспедициялык канаттын коомчулук менен байланыш бөлүмү

25/04/2012 – «Манастагы» Транзиттик борбор, Кыргызстан – «Кол алышуу – бизнестин негизги символу, анткени тараптар кол кармашканда келишим түзүлөт», - деди кыргызстандык ишкерлер үчүн симпозиумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Памела Спратлен айым.

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери менен түшкү тамактануу

Штаб-сержант Анжела Руиз, 376-авиаэкспедициялык канаттын коомчулук менен байланыш бөлүмү

19/04/2012 – Бишкек, Кыргызстан – 2012-жылдын 13-апрель күнү МТБнын аскер кызматкерлери Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери менен бирге даам татышты. Көкүрөгүндө медалдары илинген, баш кийимдерин баса кийген ардагерлер ресторанга чогулуп, ал эми алардын тырыш баскан жүздөрү менен колдору стол үстүнө тарыхтын бир бөлүгүн алып келгенсиди.

АКШнын аба күчтөрү кыргыз парламентарийлерине абада май куюуу процедурасын көрсөтүштү

Катардагы улук аскер Линзи Николс, 376-авиаэкспедициялык канаттын коомчулук менен байланыш бөлүмү

«Манастагы» Транзиттик борбор, Кыргызстан – 2012-жылдын 21-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жети депутаты жана үч кызматкери KC-135 Stratotanker учагында абада май куюуу процедурасына өз көздөрү менен күбө болуу үчүн «Манас» эл аралык аба майданындагы Транзиттик борборго келип кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү

«МАНАС» эл аралык аба майданындагы Транзиттик борбор

«Манас» эл аралык аба майданындагы Транзиттик борбор 2001-жылдын декабрында, коалиция күчтөрү «Манас» эл аралык аба майданында жайгаштырылып, 2001-жылдын 11-сентябрындагы террорчулук соккудан кийинки «Майтарылбас эркиндик» операциясын жана Эл аралык коопсуздук күчтөрүн колдоого алган кезде ачылган.

Азыркы Афганистандагы аскердик операцияларына аба мейкининде мобилдүү колдоо көрсөткөн маанилүү борбор болуп эсептелген Транзиттик борбордо болжол менен 1200 аскер мүчөлөрү жана 900дөй америкалык жана жергиликтүү компаниялардын кызматкерлери күндөлүк иш-аракеттерди аткарып жатышат. 376-авиаэкспедициялык канаттын күнү-түнү аткарган миссиясы төмөнкүлөрдөн турат: абада май куюуу, аба унаасы менен жүктөрдү жана аскер күчтөрүн ташуу жана Кыргыз Республикасынын эли менен кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жана улантуу.

 

АКШнын жана Кыргызстандын кызматташтыгы

Америка Кошмо Штаттары жана Кыргыз Республикасы Афганистандагы терроризмге каршы күрөштө стратегиялык өнөктөштөр. Бул кызматташтык 1992-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер орун алгандан бери өнүгүп келе жатат. Кыргыз өнөктөштөрүбүз биздин төрт-курамдуу миссиябыздын ар бир бөлүгүндө негиздүү орун ээлейт – бул абада май куюуу, аба унаасы менен жүк ташуу, куралдуу күчтөрүн жеткирүү, гуманитардык жардам көрсөтүү жана келечектүү өнөктөштүктөрдү куруу. Биз бул мамилебизге чоң көңүл бурабыз жана ортобуздагы достук мындан ары да улана берет деп ишенебиз.

Маалымат бөлүшүңүз

Ким азыр биздин сайтта

Азыр 137 адам бизде мейманда 
WebCitz